01:05
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк китеп күнү: Китеп тууралуу ойлор

23-апрель күнүн жыл сайын Дүйнөлүк китеп күнү деп жарыялоо жөнүндө ЮНЕСКОнун Башкы Конференциясынын Резолюциясын көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Кыргызстанда китеп күнү белгиленип келет. Бул күнгө карата белгилүү окумуштуу-педагог, педагогика илимдеринин доктору, профессор Сулайман Рысбаевдин ойлорун сунуштайбыз:

-Балдар үчүн жарым барак жакшы аӊгеме — жарым том роман көтөргөн жүккө тете.

-Калемди жакшы учтасаӊ,

кылычтан дагы курч болор.

-Китеп окубай өнүгөм деген- канаты жок куштай.

-Китепсиз үй-шамы жок үй.

-Өзү жазган китебинен башканы окубагандар — өз таманын соргон аюуга окшош.

-Башканын оюн окуп жатып, өз оюӊду бекемдейсиң, курчутасың, байытасың.

-Адам өзүнүн рухий ачкачылыгын сезгенде китеп окугусу келет.

-Баланы тарбиялоо үчүн алтымыш том эмгек жазуу зарыл эмес, кээде бир ооз таасирдүү сөз да жетиштүү болот.

-Бир китепти көзүӊ менен окуйсуӊ, андан керектүү маалыматтарды издейсиӊ, табасыӊ, үйрөнөсүӊ, маалыматтуу болосуӊ;

-бир китепти жүрөгүӊ менен окуйсуӊ, окуп алып сүйүнөсүӊ, кубанасыӊ, кейийсиӊ, кайгырасыӊ, толкунданасыӊ;

-а бир китепти башыӊ менен окуйсуӊ, аны окуп ойлоносуӊ, талдайсыӊ, иликтейсиӊ, жыйынтык чыгарасыӊ, билимге жана ойлорго байыйсыӊ!

-Китеп окуйбай коюу- өзүнө өзү рухсуздукка өкүм чыгаруу.

-Жазуучунун өмүрүн жакшы китеби узартат, жакшы китептин өмүрүн окуган адам узартат.

-мүнүшкѳр мыкты куш издеп жашайт,

— саяпкер мыкты күлүк издеп жашайт,

-мугалим мыкты окуучуну издеп жашайт,

жазуучу мыкты окурманын издеп жашайт.

-Китеп дүйнөсүнүн кулпусу жок, каалагандарга дайыма эшиги ачык.

-Балдарга жакшы китеп жазып бере албаса, жазуучу уялсын, а балдарга жакшы китеп чыгарып бере албаса, мамлекет уялсын!

-Китепти сүйсөң, ал сага сүйлөп берет.

-Китеп- окуй турган эле курал эмес, ал тарбиянын да куралы.

-Жакшы китеп адамга жакшы нерсени эле үйрөтпөйт, терең акыл, кенен туюм, бийик дух берет.

-Тыңшагылачы!... Китеп шыбырап жатат.

-Балам, китеп сеники болуш үчүн, ичиндегилерди окуп үйрөн, ошондо гана ал китеп сеники болот.

-Жомок курсак тойгузбайт, кулак тойгузат.

-Балдар адабиятын изилдегиң келсе, микроскоп менен кара.

-Жазуучу үчүн канча китеп жазганы эмес, кандай китеп жазганы- баалуу.

Сулайман Рысбаев

Эң көп окулган жаңылыктар