Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев мектептерде футболду өнүктүрүү боюнча сунуш киргизди.
Анын айтымында, буга жетишүү үчүн мектептер арасында футбол боюнча мелдештерди уюштуруу зарыл.
«Бул мектеп окуучуларынын өз ара урушпай, күч-кубатын спортко багыттап, мектептердин ортосундагы достукту чыңдайт», — деди депутат.
Ал министрлер кабинетинен бул маселени карап чыгууну өтүндү. Депутат белгилегендей, тилекке каршы, көпчүлүк футболдук стадиондор акы төлөнөт.