Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик ипотекалык компания мугалимдер менен дарыгерлерди үй алуу үчүн өзүнчө кезекке коюуну суранды.
Депутаттын айтымында, биринчи орунга билим берүү жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү керек.
«Билим берүү министри жакында эле 12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу башталгыч класстардын мугалимдеринин жетишсиздиги 3600дүн тегерегинде экенин билдирди. Бул көйгөйдү чечүү үчүн министрлик ЖОЖдун жаңы бүтүрүүчүлөрүн жана окуусун аяктап жаткан студенттерди ишке алууну көздөп жатат», — деди парламентарий.
Ал белгилегендей, өлкөдө орточо айлык акы 40 миң сом, ал эми мугалимдердин орточо айлыгы 26 миң сом.
«Айлыктын аздыгынан көбүнүн жеке турак жайы жок, алар Мамлекеттик ипотекалык компанияда көпкө кезекке туруп, өзүнчө линия берүүнү суранышат», — деп жыйынтыктады Эльдар Абакиров.