Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында аймактын тургундары жана ишкерлери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачык диалогдун жүрүшүндө салык кызматынын төрагасы акыркы салык жаңылыктары, ошондой эле жакында президент тарабынан кол коюлган «Ишкердик субъекттерин колдоо, салыктардын ставкаларын жана салыктык башкаруу оптималдаштыруу чаралары жөнүндө» жарлыгынын жоболору тууралуу түшүндүрдү.
Соода ишин жүргүзгөн субъекттер үчүн патент системасынын кайтарылышына өзгөчө көңүл бурулду.
«Бүгүн биз ишкерлер менен жөн гана жолугушуу өткөрбөстөн, кырдаалды кылдат талдап чыктык. Алынган маалыматтардын негизинде, соода иши үчүн патенттик системаны кайтаруу чечими туура болгонуна дагы бир жолу ынандык. Бул кадамдардын бардыгы бизнесте иштөөнү жана салык милдеттенмелерин аткарууну жеңилдетүү максатында президенттин тапшырмасы боюнча ишке ашырылууда», — деп белгиледи Алмамбет Шыкмаматов.
Ал ыңгайлуу жана түшүнүктүү салык чөйрөсүн түзүүгө мамлекет кызыкдар экендигин белгиледи. Ушуга байланыштуу чакан жана орто ишкердикти жүргүзүүнүн реалдуу шарттарын эске алган салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн механизмдери активдүү иштелип чыгууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер салык отчетун тапшыруу, контролдук-кассалык машиналарды колдонуу, электрондук эсеп-фактуралар жана салыктык башкаруунун башка аспектилери боюнча актуалдуу суроолорду беришти. Ошондой эле салык мыйзамдарын жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштар айтылды.
Алмамбет Шыкмаматов дал ушундай жандуу жолугушуулар бизнестин реалдуу суроо-талаптарын жакшыраак түшүнүүгө жана салык системасын ишкерлердин муктаждыктарына ыңгайлаштырууга мүмкүндүк берерин баса белгиледи.
«Мен үчүн ишкерлерди угуу маанилүү. Биз салык системасы мамлекет үчүн да, бизнес үчүн да ыңгайлуу жана эффективдүү болушу үчүн өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярбыз», — деди ал.
Жолугушууда салыктарды өз убагында төлөбөгөндөр үчүн айып салуу маселеси да көтөрүлдү. Буга Салык кызматынын башчысы: «Ар бир ишкер салык милдеттенмелерин ак ниеттен жана өз убагында аткарууга умтулууга тийиш. Ушундай жол менен гана айыптардан жана туумдардан кутулууга болот», — деп билдирди.
Мамлекеттик салык кызматы жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жана ачык-айкын салык саясатын түзүү үчүн бизнес-коомчулук менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантат.