23:26
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Боом капчыгайында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы 28-апрелден 30-апрелге чейин (аба ырайынын шарттарын эске алуу менен) Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3 миң 901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.

Иштер КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан саат 9:00дөн 15:00гө чейин жол жарым-жартылай жабылгандан кийин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда унаалар бир тилкеде жүрөт. 30-40тан ашык унаа топтолуп калганда таштарды түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар өткөрүлөт.

Мамлекеттик ишкана каттамыңызды унаа менен алдын ала пландап коюуңузду өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар