21:29
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Пайдалуу кеңеш: Кардиолог жүрөк көйгөйлөрүнүн биринчи белгилерин атады

Терапевт, кардиолог, Европалык кардиология коомунун жана Америка Жүрөк Ассоциациясынын мүчөсү Ярослав Ашихмин кандай белги жүрөк көйгөйлөрүнүн бар экенин көрсөтүп турганын айтты. Бул тууралуу ал орусиялык ЖМКга маек курган.

Ал белгилегендей, симптомдор көбүнчө гипертония, жогорку кан басымы жана баш оору менен байланыштуу эмес. Жүрөк көйгөйлөрүнүн биринчи белгиси — физикалык көнүгүүлөргө сабырдуулуктун төмөндөшү. Процесс учурунда көкүрөктө курч оору да пайда болушу мүмкүн.

Ашихмин адамдарды медициналык кароодон өтүп, липиддердин деңгээлин көзөмөлдөп, симптомдордун пайда болушун күтпөстөн, дайыма дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп турууга чакырды.

Адисттин айтымында, алдын алуу үчүн дайыма глюкоза жана холестерол көлөмүн текшерип, дене салмагын жана кан басымын көзөмөлдөп, ошондой эле Жер ортолук диета кармануу керек. Мисалы, холестерол 3,0 төмөн болушу керек; жогору болсо, бул липиддердин алмашуу бузулушун көрсөтүп турат. Кан басымы 130дан 80ге чейин жогору болбошу керек.Глюкозанын деңгээли 5,5тен ашпашы керек. Жаман адаттар менен күрөшүү да маанилүү.

Эң көп окулган жаңылыктар