Унаалардын айнектерин караңгылатуудан бюджетке 650 млн сомдон ашык киреше түшкөн

15:16, 24 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда өткөн жылы автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатуу үчүн төлөмдүн көлөмү 650,1 миллион сомду түзүп, пландалган көрсөткүчтөн 138,3 пайызга жогору болгон. Бул тууралуу Каржы министрлиги жарыялаган 2024-жылдагы мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча отчетто айтылат.

Белгиленген план 469,9 миллион сомду тузду. Алсак, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 225,8 млн сомго ашыкча аткарылып, өсүү темпи 153,2 пайызга жеткен.

Эске сала кетсек, алдыңкы каптал айнектерди караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо тартиби 2022-жылдын 1-июнунан тарта күчүнө кирген.

Уруксат алуу үчүн төлөм:

жеке жактар ​​үчүн 50 миң сом;

юридикалык жактар ​​үчүн 70 миң сом;

резидент эместер үчүн 90 миң сом.