16:19, 24 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан С.Б. — Талас областынын райондорунун биринин азыркы акими кармалды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2018-жылы Ала-Бука райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары өзүнүн кызматтык абалын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, «Жер участокторун которуу жөнүндө» мыйзамды бузуп, 2018-жылдагы буйругу менен мамлекеттик дарыкананын карамагында турган 0,70 га өлчөмүндөгү жер участогун өндүрүштүк катары өзгөртүп, үй курууга мүмкүн кылган. Көрсөтүлгөн жер тилкеси жеке адамдарга берилип кетип, натыйжада мамлекетке 44 274 050 сом өлчөмүндө өзгөчө ири зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен кылмыш иши козголгон. Ала-Бука районунун акиминин мурдагы орун басары, учурда Талас облусунун райондорунун биринин акими болуп иштеген жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.