Бишкектин айрым аймактарында бүгүн, 25-апрелде саат 10:00дөн 17:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерге таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өчүрүү аймагы көчөлөр менен чектелет:
— Ажыбек Баатыр — Бакаев — Ахунбаев — Тыналиев — Айни — Чыңгыз Айтматов проспектиси — Ахунбаев — Руставели.
Өчүрүү диаметри 300 миллиметрлик суу түтүгүн авариялык оңдоо иштерине байланыштуу.
«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.