06:47
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө чемпионаты өтөт

25-26-апрель күндөрү Ш.Сыдыков атындагы спорт колледжинде жеңил атлетика боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Катышуучулар төмөнкү аралыктарга чуркашат:

Эркектер: 100, 200, 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):

Кыз-келиндер: 100, 200 400, 800, 1500, 5000 м (400 м ядро ыргытуу, бийиктикке жана узундукка секирүү, найза атуу):

Эстафеталык жарыштар (Mix): 200, 400 м.

Белгилей кетсек, жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын чемпионаты Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар