Бүгүн Бишкекте Дельфи оюндары башталат

09:00, 25 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 25-апрелде Бишкекте Дельфи оюндары башталат. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Оюндар «Дельфи Бишкек! Катыш, Сынап көр, Жеңишке жет!» ураанынын алдында өтөт.

Маданий иш-чара Кыргызстан боюнча жаш таланттарды, музыканттарды, сүрөтчүлөрдү жана аткаруучуларды бириктирет. 25-апрелде башталган оюндар 30-апрелге чейин созулуп, 7 жаштан 25 жашка чейинки таланттуу балдар менен жаштарды чогултат.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгы жана Кыргызстандын Дельфи комитети.

Долбоордун максаты — Дельфий оюндарын өнүктүрүү, улуттук маданияттарды сактоо жана даңазалоо, маданияттар аралык диалогду бекемдөө жана жаш искусство өкүлдөрүнүн кесиптик өсүшүнө көмөктөшүү.

«Ачык Бишкек Дельфий оюндары — 2025» — бул өзүнүн чыгармачылыгын көрсөтүү, маданияттагы жаңы ысымдарды табуу жана эл аралык маданий алакаларды түзүү үчүн платформа.

Белгилей кетсек, 26-апрелде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында оюндун расмий ачылыш аземи өтөт.