«Ата-Бейит» комплексинде Кыргыз Республикасынын Баатырлар аллеясы пайда болот

11:16, 25 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети «Ата-Бейит» тарыхый-мемориалдык комплексинин статусу жөнүндө токтомуна өзгөртүү киргизди. Жаңы документке ылайык, комплексте Кыргыз Республикасынын Баатырлар аллеясы ачылат.

Мындай чечим өлкөнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон чыгаан инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу максатында кабыл алынган.

Аллеяны түзүүгө байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине 2025-жылга жана андан кийинки жылдарга бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган башка каржылоо булактарынын эсебинен жабылат.

Токтом расмий түрдө 25-апрелде жарыяланып, 10 күндөн кийин күчүнө кирет.