«Мырзаке-Кара-Шоро» унаа жолундагы өтмөк калыбына келтирилди

12:14, 25 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Ош облусунун аймагындагы «Мырзак-Кара-Шоро» унаа жолу калыбына келтирилип, ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда «Кыргызавтожол-Юг» мамлекеттик ишканасы жолдун четин бекемдөө жана суунун нугун буруу иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бир күн мурун нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жолдун 49-51-чакырымындагы тилкелерин жууп кеткен.

Фото Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы. Жолду оңдоп-түзөө