Чүй проспектисинде тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатат

13:53, 25 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Чүй проспектисинде тротуарларды оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаадагы жолдорду капиталдык оңдоо жана жакшыртуунун алкагында «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызматкерлери Чүй проспектисинин Исанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки жолдун түндүк тарабындагы тротуарларды оңдоп жатышат.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Учурда бригада тротуардын негизин даярдап, грейдер менен тегиздеп, ныктоо иштерин жүргүзүүдө.

Буга чейин эски асфальты сыйруу, тротуар бордюрларын орнотуу иштери бүткөрүлгөн.