22:42
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Токмокто Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата аскердик парадга даярдыктар жүрүүдө

Токмак шаарындагы 52806-аскер бөлүгүнүн базасында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтүүчү аскердик парад боюнча окуу жыйыны өттү.Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, параддык машыгууга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле өлкөнүн башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.

«Аскердик парадга даярдык Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотовдун жеке көзөмөлүндө өттү.

8-майда өтүүчү параддын катышуучуларынын жалпы саны 3 миңге жакын адамды түзөт.

120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу системалары жана авиация көрсөтүлөт. Жеңиш парадынын техникалык бөлүгүндө республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган эң заманбап техникалар коюлат», — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, Тор М2-КМ, Печора 2БМ, С-300 ПС ракеталык комплекстери биринчи жолу Ала-Тоо аянтында көрсөтүлөт.

Параддын аба бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы кирет.

Эң көп окулган жаңылыктар