08:00, 28 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com
Каталондук «Барселона» футбол боюнча Испания кубогунун финалында «Реалды» утуп алды. Беттеш Севильяда өтүп, 3:2 эсебинде Ханс-Дитер Фликтин командасынын пайдасына аяктады.
Барселона үчүн бул жеңиш турнирдин тарыхындагы 32-жеңиши болду. «Реал Мадрид» клубу Испания Кубогун 20 жолу жеңген.
Негизги убакыт 2:2 эсеби менен аяктады. «Барселонанын» голдорун Педри (28-мүнөттө), Ферран Торрес (84) жана Жюль Кунде (116) киргизишти. «Реалдын» голдорун Килиан Мбаппе (70) жана Аурельен Тчуамени (77) киргизди.
Экинчи таймдын кошумчаланган убактысында беттештин калысы Бургос Бенгоечеа Реал Мадриддин дарбазасына пенальти белгилеген, бирок видео кароодон кийин ал чечимин өзгөртүп, Барселонанын оюнчусу Рафиньяга симуляция үчүн сары айып кагазын көрсөткөн.