21:24
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Үч айда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 124 кылмыш иши козголгон

Үч айдын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 124 кылмыш иши козголгон. Маалымат ачык маалыматтар порталында жайгаштырылган.

Материалдарга ылайык, эң көп кылмыш иши Чүй облусунда — 42, андан кийин Жалал-Абадда (20), Бишкек шаарында (17), Ош облусунда (16), Ысык-Көлдө (10), Баткенде жана Нарында (6), Ошто (5) козголгон. Талас облусунда үй-бүлөлүк зомбулук боюнча эки гана кылмыш иши ачылган.

Тергөө Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» (9), «Ден соолукка оор залал келтирүү» (7), «Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү» (5), «Кыйноо» (7), «Зордуктоо» (4), «Зордук-зомбулук көрсөтүү менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» (4), «Үй-бүлөлүк зомбулук» (14) беренелери боюнча жүргүзүлгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар