21:01
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Жамиля Исаева ЖК төрагасынын орун басары кызматынан кетти

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдириди.

Маалыматта айтылгандай, мындан ары депутат катары ишин уланта берет.

Эске салсак, Жамиля Исаева «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын квотасы менен 2022-жылдын 12-январында төраганын орун басары болуп шайланган.

Кызматтан кетүүнүн себептери расмий түрдө айтыла элек.

Эң көп окулган жаңылыктар