Өткөн жумада Кыргызстанда 300дөн ашык мас абалында айдоочулар аныкталды

14:01, 28 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

21-27-апрель аралыгында Кыргызстанда 323 мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан Жол кыймылынын эрежелерин бузган 22 817 факты аныкталган:

тиешелүү документтери жок транспорт каражатын айдоо — 765;

транспорт каражатын мас абалында башкаруу — 323;

унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 134;

жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы жол эрежесин бузуулар — 327;

Транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин бузуу — 3 миң 866;

автобейбаштык — 24;

ылдамдыкты чектен ашкандар — 3 миң 521;

жалган мамлекеттик каттоо номерлери менен транспорт каражатын айдоо — 6;

жол эрежесин бузуунун башка фактылары — 13 миң 857.

Ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 2862 унаа айып жайга киргизилди.