20:41
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

ЖК Түркияны жарандардын бекер дарылануусу үчүн квотаны көбөйтүүгө чакырды

Бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу менен Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жолугушууда эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, өлкөлөрдүн достук мамилесин чыңдоо маселеси талкууланды.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Туркия менен Кыргызстандын ортосунда билим берүү, саламаттыкты сактоо багыттарын дагы да өнүктүрүү маселесин көтөрүп, Түркияда иштеп, окуп жүргөн мекендештерге өзгөчө бир туугандык мамиле кылууну өтүндү.

Ал эми өз учурунда Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы бардык маселелерди Түркия тарап колдоого алаарын жана эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү көлөмүн жакынкы убакытта 3 млрд долларга жеткирүү, билим берүү тармагында кызматташтыкты мындан да жогорку деңгээлге чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасынын расмий сапары 29-апрелге чейин уланмакчы.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-апрелде Түркия Республикасынын Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Ардактуу конокту «Манас» эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев жана Түркия менен кызматташуу боюнча достук тобунун жетекчиси Алишер Козуев тосуп алган.

Эң көп окулган жаңылыктар