21:06
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Легендарлуу Т-34 танкы Панфилов айылда пайда болушу мүмкүн

Чүй районунун Панфиловка айылында Советтер Союзунун Баатыры Иван Панфиловдун эстелигин реставрациялоо иштери жүрүп жаткан учурда маанилүү кошумча — легендарлуу Т-34 танкын орнотуу маселеси талкууланууда. Бул тууралуу КРСУнун басма сөз кызматы билдирди.

Бул идея университеттин демилгесинин алкагында жигердүү иштелип жатканы жана Санкт-Петербургдун өкмөтү менен экспонатты өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы белгиленген.

Жолугушууда ректордун м.а. Сергей Волков 9-майга чейин эстелик Панфиловдун жана анын дивизиясынын эрдиги тууралуу акыркы маалыматтар жазылган жаңы такта менен толукталат. Жанаша жайгашкан аймакта мемориалдык парк да түзүлөөрүн айтты.

Мурдараак маалымдалгандай, КРСУ Жеңиштин 80 жылдыгына карата Чүй облусунун Панфиловка айылындагы Иван Панфиловдун эстелигин калыбына келтирет. Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майордун эстелиги 1972-жылы жергиликтүү тургундардын каражатына тургузулуп, акыркы жылдары жараксыз абалга келген.

Эң көп окулган жаңылыктар