Улуттук банк «Улуу Жеңишке-80 жыл» күмүш коллекциялык монета жүгүртүүгө чыгарды

14:56, 28 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 2025-жылдын 28-апрелинен тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке — 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасы жүгүртүүгө чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Маалыматка ылайык, коллекциялык монета Улуттук банктын мекемелеринин кассаларында 5 200 сом баасында иш күндөрү саат 9.00дөн 14.00гө чейин, ошондой эле нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча www.numizmat.nbkr.kg веб-сайты аркылуу сатылат.

Монета. «Улуу Жеңишке 80 жыл»
Монетанын арткы бетинде ортодо «2025» жана «1945» деген цифралар менен алкакталган Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлгөн. Фон тынчтыкты жана эркиндикти билдирген көгүчкөндөр менен толтурулган. Монетаны тегерете «Кыргыз Республикасынын Улуттук банктары / Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы» деген жазуу бар. Төмөндө металл үлгүсү (Ag 925), монетанын чыгарылган жылы (2025) жана анын салмагы (28,28 г) көрсөтүлгөн.

«Улуу Жеңишке 80 жыл» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

Монетанын мүнөздөмөлөрү:

аталышы: «Улуу Жеңишке 80 жыл»;

номиналы: 10 сом;

металл (үлгү): Ag 925 (күмүш);

диаметри: 38,61 мм;

салмагы: 28.28 грамм;

тиражы: 800 даана.