Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында беш күндөн бери суу жок. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурман билдирди.
Анын айтымында, суу түтүктөрүн оңдоо боюнча тургундарга маалымат берилип, бирок шаар даярдалбай, суу жеткирүү уюштурулган эмес.
«Жаңы суу түтүгүн тартып жаткандыктан суу жок. Үч күнгө электр жарыгы өчүрүлөт деген кулактандыруу болгон. Бир суткага өчүрүп, кечинде сууну кайра беришсе, запастык тетиктер жетишсиз болуп чыкты. Анан үч күн кайра өчүрөбүз дешти, аягында суу жок, бешинчи күнү суу чыкпайт дешти. Алар өздөрү билишпейт, элдер өздөрү жумушчулардан маалымат алышууда», — деп билдирди окурман.
Жаңылыкты 0555312024 номерине WhatsAppка жөнөтүп кабарласаңыз болот.