Токмак шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы шаардагы балдар аянтчаларын жасап, орнотуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10 жерге оюн зоналарын орнотуу пландалууда. Бул максаттарга 15,4 миллион сом бөлүнгөн.
Арыздар 12-майга чейин кабыл алынат.