29-апрелде күтүлгөн аба ырайы

18:19, 28 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Эртең, 29-апрелге караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда жамгыр жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;

Таласта түнкүсүн +10...+15, күндүз +29...+34;

Баткен облусунда түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +13...+18, күндүз +30...+35;

Ысык-Көлдө түнкүсүн +6...+11, күндүз +19...+24;

Нарында түнкүсүн +4...+9, күндүз +21...+26;

Бишкек шаарында абанын температурасы түнкүсүн +18...+20, күндүз +32...+34.