21:10
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

Бүгүн, 29-апрелде саат 09:00дөн 24:00гө чейин Бишкектин «Красный строитель» конушунда жана «Красный строитель» шаарчасында таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Өчүрүү району:

Киргизская көчөсү — Саадаев көчөсү — Бельская көчөсү — Сары-Челек көчөсү — Бухарская көчөсү — Киргизская көчөсү.

Өчүрүү Саадаев жана Киргизская көчөлөрүнүн боюнча диаметри 300 мм болгон суу өткөрмөдөгү авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
Фото Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

«Бишкексууканал» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алышыңарды суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар