06:50
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Май келишими: Владимир Зеленскийдин Орусия президентинин демилгесине үн катты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата жарыялаган ок атышпоо келишимине жооп кайтарды.

«Тез арада, толук жана шартсыз ок атышууну токтотуу — жана кеминде 30 күнгө, ал кепилденген жана ишенимдүү болушу үчүн — чыныгы дипломатия үчүн негиз боло алат», — деп жазган ал Telegram каналында.

Ал Кремлдин сунушун «манипуляция аракети» деп атады. Анын айтымында, Украина америкалыктардын ок атышууну толук токтотуу боюнча сунушуна март айында эле макул болгон.

«Биз параддарды эмес, адамдардын өмүрүн баалайбыз. Андыктан 8-майды күтүүгө эч кандай негиз жок», — деди Зеленский.

Эске сала кетсек, 28-апрелде Орусиянын президенти Жеңиштин 80 жылдыгына карата ок атышууну токтотууну жарыялаган.

«Гуманитардык себептерден улам Жеңиштин 80 жылдыгына карата — 7-8-май саат 00:00дөн 10-майдан 11-майга чейин саат 00:00гө чейин орус тарап ок атышууну токтотууну жарыялайт, бул мезгилде бардык аскердик операциялар токтойт.

Россия Федерациясы украин тарап бул үлгүнү карманышы керек деп эсептейт...», — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин орус лидери да Пасха элдешүүсүн жарыялаган, анда орус тарап 19-апрелде саат 18:00дөн 21-апрелге караган түнү саат 00:00гө чейин бардык аскерий аракеттерди токтоткон. Украин президенти алгач аны колдоодон баш тартып, бир нече сааттан кийин макул болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар