Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынынын жыйынтыгы тууралуу өзүнүн Telegram-каналында билдирди.
Анын айтымында, бюджет комитети Ош шаарынын саркынды сууларын тазалоочу курулмаларын кезектеги модернизациялоого 8 миллион еврону ссуда жана 5 миллион 50 миң евро грант катары тартуу боюнча кредиттик келишимди карап чыкты.
Каражат социалдык объектилерди жана көп кабаттуу үйлөрдү канализация түйүндөрүнө кошууга да жумшалат. Бул долбоорду Дастан Бекешев колдоду.
Комитет ошондой эле министрлер кабинетинин каражат бөлүү боюнча бир катар буйруктарын карап чыгып, Каржы министрлигине 1,5 миллиард сом өлчөмүндө мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө уруксат берди.
Депутат бул мамлекеттик кепилдикти талап кылган инвестицияларды тартууга байланыштуу болушу мүмкүн экенин айтып, мындай кепилдиктерди берүү практикасы 2024-жылдан бери кайра жанданганын белгиледи.