Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Акыйкатчы институту менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду бириктирүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Чолпон Султанбекова Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.
Депутат Дастанбек Жумабеков бул демилгеге каршы пикирин билдирди. Ал бул мыйзамдык жактан мүмкүн эмес экенин билдирди.
«Жоболор башка мыйзам долбоорун кароонун алкагында бир мекемени жоюуга жол бербейт», — деди ал.
Эске сала кетсек, «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзам долбоорун бир катар депутаттар демилгелеген. Конституциялык Мыйзамдын долбоору ишти уюштуруунун тартибин, компетенциясынын чөйрөсүн, акыйкатчыны, анын орун басарларын жана аппаратты шайлоонун жана бошотуунун тартибин аныктайт, ошондой эле алардын мамлекеттик органдар жана башка уюмдар менен мамилелерин жөнгө сал