Шашылыш билдирүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал болору күтүлүп жатат

14:50, 29 апреля 2025, Бишкек - 24-kg.com

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, катуу шамал болот. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

«Катуу шамалда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз токтоосуз «112» кызматына чалыңыз",- деп айтылат маалыматта.