Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров «Нарын облусунун айылдарын таза суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — кошумча каржылоо» долбоорунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен кредиттик жана гранттык макулдашууларды ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам 2025-жылдын 2-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Макулдашууларда Нарын облусунун 23 калктуу конушунда калкты сапаттуу ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана локалдуу-тазалоочу жабдууларды орнотуу каралган.
Макулдашууларды ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча 46 330 адам суунун жакшыртылган булактарына жетишүүсү пландаштырылууда, бул калктын жашоо шартын жана сапатын жакшыртат.
Аталган программа калктын ден соолугун жакшыртуу жолу менен жакырчылыкты кыскартууга салым кошо тургандыгы болжолдонууда.
«Нарын облусунда айылды суу менен камсыздоону жана санитарияны өнүктүрүү программасы — Кошумча каржылоо» долбоорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар 38,8 млн АКШ доллары суммасында берилет:
— гранты — 5,35 млн АКШ доллары;
— кредити — 27,0 млн АКШ доллары;
— Кыргыз Республикасынын кошо каржылоосу — 6,45 млн АКШ доллары.
Азия өнүктүрүү банкынын кредити кийинкиге калтыруу мезгилинде жылына 1%, кийинки жылы 1,5% ставка менен 8 жылдык жеңилдетилген мезгилди кошуп алганда, 32 жылдык мөөнөткө берилет. Программаны ишке ашыруу мөөнөтү 6 жыл.