03:56
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Ватикан конклавы жаңы Рим папасын 7-майда шайлайт

Ватикан конклавы 7-майда жаңы Рим папасын шайлай турганын Рейтер агенттиги кабарлады.

Конклав Сикстин капелласында өтүп, добуш берүүгө 138 кардинал катышат. Жолугушуу канчага созулаары белгисиз. Эске салсак, Папа Франциск католик чиркөөсүнүн башчысы болуп калган добуш берүү эки күнгө созулган.

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды

Конклавка даярдануу үчүн Ватикан Сикстин капелласын зыяратчылар үчүн жапты.

Ыйык Тактынын басма сөз кызматы католик чиркөөсүнүн жаңы башчысын шайлоо күнүн тастыктады. Мындай чечим бир күн мурун болуп өткөн бешинчи жалпы жыйындын жыйынтыгы боюнча кабыл алынганы айтылат.

Ыйык Тактын буйругуна ылайык, Ватикан бакчалары жана Виа Триумфалистеги байыркы Рим короосу да зыяратчылар үчүн жабылат. Конклавка даярдыкка байланыштуу Ватиканда коопсуздук чаралары күчөтүлүп, туристтер көп келген аймактардын кире беришинде текшерүүлөр уюштурулду

Эске салсак, Рим папасы Франциск 21-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча 7:35те Ватиканда каза болгон. Өлөөрүнө бир нече ай калганда ден соолугу кескин начарлап кеткен. Февраль айында Рим папасы бронхит менен ооруканага жаткырылган, кийинчерээк кош пневмония жана бөйрөктүн эрте иштебей калгандыгы аныкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар