21:03
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат

Кыргызстандын Чек ара кызматы Кытай тараптын демилгеси менен Кытайда Эмгек күнүн майрамдоого байланыштуу 2025-жылдын 1-майынан тарта мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан Торугарт автожолу жана Эркеч-Там автожолу өткөрүү пункттары убактылуу жабылганын билдирди.

Бул өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 2025-жылдын 2-майынан тарта жанданат.

Эң көп окулган жаңылыктар