Бүгүн, 30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Жылдыз Садырбаеваны вице-спикерликке шайлашты. Ал кызматка жалгыз талапкер болгон.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында талапкерге 76 депутат «макул», 2 депутат «каршы» добуш берди.
Жылдыз Садырбаева 55 жашта. Ал Нарын шаарында төрөлгөн. 1993-жылы И.Павлов атындагы Санкт-Петербург медициналык институтунун жалпы медицина факультетин «Жалпы медицина» адистиги боюнча бүтүргөн. 1993-1995-жылдары Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында клиникалык ординатураны аяктаган.
1995-1996-жылдары дерматология бөлүмүндө ассистент болуп иштеген. 1997-жылы «Жылдыз-Фарм» ишканасын негиздеген (2009-жылы «Фармамир» ЖЧКсы болуп өзгөртүлгөн). 2003-2021-жылдары «Эляй» ЖЧКсынын директору болгон. Компания фармацевтикалык продукцияны дүңүнөн сатуу менен алектенет.
2021-жылы «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Үй-бүлөлүү. Үч баланын энеси.
Эске салсак, Жамиля Исаева 28-апрелде Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан өз каалоосу менен кеткен.