Жаңы Суу кодексинин долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алды. Ал суу ресурстарына тиешелүү бардык мыйзамдарды бир документке бириктирүү максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорунун алкагында бул жааттагы мыйзамдар учурда бытыранды болуп, суу ресурстарын башкарууда жана инвестиция тартууда кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда айыл чарбасын туруктуу суу менен камсыз кылуу максатында ирригациялык курулмаларга жеке менчикти алып салуу каралган.