Кант шаарында № 5 орто мектептин фасадына Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргызстандыктардын эрдигине арналган жаңы мурал тартылды. Дубалда ооруканада жарадар болгон жоокерге жардам көрсөтүп жаткан дарыгер аялдын сүрөтү түшүрүлдү.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, жерди тандоо кокусунан болгон жок: дал ушул имаратта 1941-1945-жылдары No4433 эвакуациялык госпитал жайгашкан, фронттон келген жоокерлер ал жерде дарыланышкан.

Долбоор тарыхый эстутумду сактоо, орус-кыргыз гуманитардык кызматташтыгын чыңдоо жана жаштарды патриоттук тарбиялоо боюнча иш-аракеттердин бир бөлүгү болуп калды.
Салтанатка жергиликтүү тургундар, мектеп окуучулары жана бийлик өкүлдөрү катышты.