18:51
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Нургүл Аднаева саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Аднаева Нургул Мажитовна Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Нургүл Аднаеванын саламаттыкты сактоо тармагында 30 жылдан ашык тажрыйбасы бар экени айтылат. Түпкүлүгү Ош облусунун Гүлчө айылынан. 1989-жылы Медициналык институттун медицина факультетин бүтүргөн, 2000-жылы Беларус мамлекеттик университетинде дүйнөлүк экономика адистиги боюнча экономикалык билим алган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы

Ар кайсы убакта участкалык терапевт, башкы дарыгер, милдеттүү медициналык камсыздандыруу системасында түзүмдөрдүн башчысы, министрдин кеңешчиси жана мамлекеттик аппараттын эксперти болуп иштеген. Ал ошондой эле ПРООНдун, ДСУнун жана Дүйнөлүк Банктын эл аралык долбоорлоруна катышып, саламаттыкты сактоону башкаруу, медициналык сатып алуулар жана бейөкмөт уюмдар менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча стажировкадан өткөн.

Нургүл Аднаева буга чейин онкологиялык кызматты колдоо фондун да жетектеп, улуттук дары-дармек базасын иштеп чыгуу менен алектенген. Акыркы жылдары Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин «Социалдык келишим» долбоорун жетекчиси болгон.

.

Эң көп окулган жаңылыктар