00:36, 01 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстанда 1нен 11-майга чейин эс алуу күндөрү болот. Эгерде сиз ушул күндөрү финансылык операцияларды жүргүзүүнү пландап жатсаңыз анда кайсы банктар ачык болорун алдын ала билип алыңыз.
Бул күндөрү көпчүлүк банктар иштебейт, бирок айрым бөлүмдөрү иштейт.
КЕРЕМЕТ БАНК
1—11-май күндөрү иштебейт.
О! БАНК
Иш тартибин шилтеме аркылуу кирип көрсөңүз болот.
АЙЫЛ БАНК
1-9-май — 5 күндүк жумуш графиги менен иштеген бардык бөлүмдөрдө эс алуу күндөрү болот.
ЭЛДИК БАНК
1—6-май — бардык бөлүмдөрдө эс алуу күндөрү болот.
6-майдан тарта — кардарларды тейлөө борборлору иштей баштайт.
10-майдан тарта — ишемби күндүн графиги боюнча иштеген филиалдар жана сактык кассалар ачык болот.
12-майдан баштап — кадимки тартипте иштей баштайт.
KICB
1—9-май — «Советская», «Бишкек Парк» жана «Томми Мол» филиалдарынан башка бөлүмдөрү иштебейт. 4-майда гана «Советская» бөлүмү жабык болот.
10-майда — 6-7 күндүк тартип менен иштеген бөлүмдөр ачык болот.
11-майда — 7 күндүк тартип менен иштеген бөлүмдөр ачык болот.
ТОЛУБАЙ БАНК
1—11-май — иштебейт.
12-майдан тарта — банк кадимки иш графигине өтөт.
ДЕМИР БАНК
«Дордой Плаза 2» сактык кассасы, Бишкек ш., Ибраимов көч., 115
Адистер: 10:30 — 21:00
Касса: 10:30 — 20:30
Түшкү тыныгуу: 13:30 — 14:30
«Азия Молл» сактык кассасы, Бишкек ш., Ч. Айтматов проспекти, 3
Адистер: 10:30 — 21:00
Касса: 10:30 — 20:30
Түшкү тыныгуу: 14:00 — 15:00
«Бишкек Парк» сактык кассасы, Бишкек ш., Киев көч., 148
Адистер: 10:30 — 21:00
Касса: 10:30 — 20:30
Түшкү тыныгуу: 14:30 — 15:30
«Бета 2» сактык кассасы, Бишкек ш., Юнусалиев көч., 177/2
Адистер: 11:00 — 19:45
Касса: 11:00 — 19:45
Түшкү тыныгуу: 14:00 — 15:00
«Фрунзе-Ош» сактык кассасы, Ош ш., Алимжанов көч., 10
Адистер: 10:00 — 21:00
Касса: 10:00 — 20:45
Түшкү тыныгуу: 14:00 — 15:00
ОПТИМА БАНК
1-май — бардык бөлүмдөрү иштебейт.
2, 3, 6, 7, 8, 10-май — 6 жана 7 күндүк жумуш графиги менен иштеген бөлүмдөр ачык болот.
4 жана 11-май (жекшемби) — 7 күндүк жумуш графиги менен иштеген бөлүмдөр ачык болот.
5 жана 9-май — төмөнкү сактык кассалар иштейт:
№ 018-17-36 (Асанбай, 52/3).
№ 018-09-37 ( «Чынар» соода борбору).
№ 018-17-34 (ЦУМ-2).
№ 018-17-43 (Киев, 104А).
№ 018-17-26 (Жал-23, 92/1).
№ 018-11-03 («Ала-Арча» соода борбору).
№ 018-11-45 («Дордой Плаза» соода борбору).
№ 018-04-50 ( «Урбан Молл» соода борбору, Ош).
Ош шаарындагы № 1 филиал (Айтиев көч., 6).
КСБ КОММЕРЦИЯЛЫК БАНКЫ
1—11-май — бардык бөлүмдөр иштебейт. Байланыш борбору дем алышсыз 08:00дон 00:00го чейин иштейт.
12-майдан тарта — кадимкидей иш графиги.