Бүгүн «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери иштебейт

08:30, 01 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 1-майда Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы көзөмөл өткөрмө бекеттер бир күнгө жабылат.

Кытайда Эмгек күнү майрамдала тургандыктан, коңшу мамлекеттин демилгеси менен «Торугарт» жана «Эркечтам» өткөрмө бекеттери 1-майда иштебейт. Алар 2-майда ачылат.