Свердлов РИИБдин тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды

10:51, 01 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бишкекте атайын кызмат тергөөчүнү пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу 24-kg.com басылмасына күч түзүмдөрүндөгү өз булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов РИИБдин тергөөчүсү жарандан 150 миң сом талап кылган. Ал мурунку күнү, 30-апрелде кечинде 80 миң сом алып жаткан жеринен кармалган.