06:18
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кыргызстандык Денис Петрашов АКШда өткөн эл аралык турнирде алтын утту

Кыргызстандык Денис Петрашов АКШда өтүп жаткан «TYR Pro Swim Series» эл аралык турниринде үчүнчү алтын медалын жеңип алды. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

100 метрге брасс сүзүү боюнча финалда ал 59,23 секундада биринчи болуп, алтын тагынды.

TYR Pro Swim Series
Фото TYR Pro Swim Series

Денис Петрашовдун бул жыйынтыгы бул аралыкта Кыргызстандын жаңы рекорду болуп калды. Буга чейинкиси да (59,46 секунд) ага таандык жана 2023-жылы декабрда өткөн АКШ чемпионатында белгиленген.

Буга чейин TYR Pro Swim Series мелдешинин биринчи этабында Кыргызстандын сууда сүзүү мектебинин өкүлү 50 жана 100 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө эки алтын медаль тагынган.

Алдыда дагы эки старт бар: 50 жана 200 метрге брасс сүзүү.

Мурдараак маалымдалгандай, кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШда жыл сайын USA Swimming уюму тарабынан уюштурулуп келген TYR Pro Swim Series профессионалдык таймашында биринчи орунду жеңип алган.

Эң көп окулган жаңылыктар