АКШ президенти Дональд Трамп 8-майды АКШда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялады. Бул тууралуу ал Thruth Social социалдык тармагына жазды.
Ак үйдүн башчысы Кошмо Штаттар Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштардагы жеңишке башка өлкөлөргө караганда «салыштыргыс көп» салым кошкон деп билдирди. Дональд Трамп ошондой эле эки согуш үчүн 11-ноябрда жана 8-майда жаңы майрамдарды — Жеңиш күндөрүн жарыялады.«Биздин көптөгөн союздаштарыбыз жана досторубуз 8-майды Жеңиш күнү катары белгилешет. Бирок биз Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишке жетүү үчүн башка мамлекеттерге караганда көбүрөөк иш жасадык. Мен 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп өзгөртөм, 11-ноябрды Биринчи дүйнөлүк согушта Жеңиш күнү деп атадым. Биз эки согушта тең жеңишке жеткенбиз, бизге күч, эрдик жана аскерий жаркынчылык боюнча эч ким жакын болгон эмес», — деп жазган ал Truth Social соцтармагына.