11:32, 02 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
АКШ президенти Дональд Трамп 8-майды АКШда Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп жарыялады. Бул тууралуу ал Thruth Social социалдык тармагына жазды.
«Биздин көптөгөн союздаштарыбыз жана досторубуз 8-майды Жеңиш күнү катары белгилешет. Бирок биз Экинчи дүйнөлүк согуштун жеңишке жетүү үчүн башка мамлекеттерге караганда көбүрөөк иш жасадык. Мен 8-майды Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү деп өзгөртөм, 11-ноябрды Биринчи дүйнөлүк согушта Жеңиш күнү деп атадым. Биз эки согушта тең жеңишке жеткенбиз, бизге күч, эрдик жана аскерий жаркынчылык боюнча эч ким жакын болгон эмес», — деп жазган ал Truth Social соцтармагына.