Токмок шаарында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата өтүүчү аскердик парадга даярдыктар уланып жатат. Параддын катышуучуларынын жалпы саны 3 миңге жакын адамды түзөт.
Кыргызстан Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынан маалыматына ылайык, параддык машыгууга Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери, ошондой эле өлкөнүн башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.
8-майда өтүүчү параддын катышуучуларынын жалпы саны 3 миңге жакын адамды түзөт.
120дан ашык аскердик жана атайын техника, анын ичинде оор бронетехника, артиллерия, абадан коргонуу системалары жана авиация көрсөтүлөт. Жеңиш парадынын техникалык бөлүгүндө республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган эң заманбап техникалар коюлат", — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Тор М2-КМ, Печора 2БМ, С-300 ПС ракеталык комплекстери биринчи жолу Ала-Тоо аянтында көрсөтүлөт.
Параддын аба бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн авиациясы кирет.
П