Бишкектеги жолдорду оңдоо иштерине байланыштуу Шабдана Баатыр көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылды. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн Достоевский көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түндүк тарабында унаа кыймылы үчүн жабык.
Түштүк тарапты бойлой эки тарапка тең кыймыл уюштурулган.
Эскерте кетсек, оңдоо иштери аяктагандан кийин Медеров көчөсү 7-апрель көчөсүнөн Юнусалиев көчөсүнө чейин, ошондой эле Жаш Гвардия бульвары Бөкөнбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин унаа кыймылы үчүн ачык.
Жол тыгынын болтурбоо үчүн муниципалитет каттамыңызды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспортту колдонууну сунуштайт.