Россиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов «Эстелик оту» салтанаттуу тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн Telegram-каналында кабарланды.
Аны тапшыруу аземи Бишкектеги «Баатырлар аллеясы» мемориалдык комплексинде жана Ош шаарындагы Өчпөс оттун алдында өттү.
Эске салсак, Москвадагы Белгисиз солдаттын мүрзөсүнөн от күйгөн лампаларды Кыргызстандын борборуна учкуч-космонавт, Россиянын Баатыры Дмитрий Петелин алып келген.
Кыргызстан «Эстелик оту» жеткирилген дүйнөдөгү 20 өлкөнүн катарына кирди. Акциянын алкагында Өчпөс оттун чырактары Жалал-Абад облусуна жана өлкөнүн башка аймактарына жеткирилди. Ар бир жердеги от Жеңиш күнүнө арналган эскерүү иш-чараларынын бир бөлүгү болуп калат. Быйыл иш-чара Кыргызстанда төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.