Кыргызстандык Марлен Асикеев Невада штатынын Лас-Вегас шаарында өткөн күрөш боюнча АКШнын ачык чемпионатында жеңишке жетти.

Маалым болгондой, спортчу грек-рим күрөшү боюнча 78 килограмм салмакта күч сынашкан, анда сегиз катышуучу катталган.
Марлен Асикеев Орегон штатынын командасында ойногон. Ал жарым финалдан баштап, калифорниялык Магомед Гулбагамаевден (9:0) күчтүүрөөк болгон. Финалда кыргызстандык Чикагодон келген Александр Слободенюкту 10:0 эсебинде утуп алды.
Марлен Асикеев Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Азия жана Дүйнө чемпиондугуна жана Токиодогу Олимпиада оюндарынын алдында лицензиялык турнирге катышкан.
Спортчу спорттук карьерасын АКШда улантып, машыктыруучу болуп да эмгектенет.