Кыргызстандык Марлен Асикеев күрөш боюнча АКШгы ачык чемпионатта жеңишке жетти

14:05, 07 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Кыргызстандык Марлен Асикеев Невада штатынын Лас-Вегас шаарында өткөн күрөш боюнча АКШнын ачык чемпионатында жеңишке жетти.

Фото Социалдык тармактардан алынды . Кыргызстандык Марлен Асикеев Лас-Вегаста өткөн күрөш боюнча АКШнын ачык чемпионатында жеңишке жетти

Маалым болгондой, спортчу грек-рим күрөшү боюнча 78 килограмм салмакта күч сынашкан, анда сегиз катышуучу катталган.

Марлен Асикеев Орегон штатынын командасында ойногон. Ал жарым финалдан баштап, калифорниялык Магомед Гулбагамаевден (9:0) күчтүүрөөк болгон. Финалда кыргызстандык Чикагодон келген Александр Слободенюкту 10:0 эсебинде утуп алды.

Марлен Асикеев Кыргызстандын үч жолку чемпиону, Азия жана Дүйнө чемпиондугуна жана Токиодогу Олимпиада оюндарынын алдында лицензиялык турнирге катышкан.

Спортчу спорттук карьерасын АКШда улантып, машыктыруучу болуп да эмгектенет.