Жеңиштин 80 жылдыгына карата Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери болгон кыргызстандыктар бир жолку жөлөк пул алышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ардагерлерге:
Кыргыз Республикасынын Президентинен 100 миң сом;
Эмгек министрлигинен 20 миң сом;
20 миң 400 сом республикалык бюджеттен.
Ведомстводон ошондой эле ардагерлерге ай сайын жөлөк пул берилип жатканын белгиледи.
Улуу Жеңиш майрамынын алдында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери жана блокададагы Ленинград шаарынын тургунуна барды. Аларга белектерди тапшырып, согуш мезгилиндеги эрдиктери, тынчтык мезгилдеги жан аябас эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.
"Алардын жалпы Жеңишке кошкон салымы ар дайым муундардын эсинде сакталат. Алар — согуштун оор сыноосун ар-намыс менен өтүп, тынч заманда өлкөнүн өнүгүшүнө татыктуу салым кошкондор. Биз алардын эрдигине жана баатырдыгына терең урмат жана ыраазычылык билдиребиз", — деди министр.