16:15, 07 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Борбор каалада Жеңиш күнүнө карата майрамдык иш-чараларга байланыштуу коомдук транспорттун ишине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 2025-жылдын 7-майынан 10-майына чейин шаардын борбордук бөлүгүндөгү бир катар автобустук каттамдардын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлөт.
Бул майрамдык иш-чаралар өткөн бир катар көчөлөрдө жол кыймылынын чектөө киргизилгенине байланыштуу.
Көрсөтүлгөн мөөнөттө төмөнкү маршруттардагы автобустар:
№ 36, № 56, № 101, № 118, № 135
төмөнкү көчөлөрдө иштебейт: Ибраимов көчөсү, Шопоков көчөсү, ошондой эле Жумабек жана Фрунзе көчөлөрү.
Жабык аймактарды айланып өтүү үчүн каттамдар өзгөрөт.